Ошол Дүйшөн Керимов айтат: “Омокеме (Султанов) салам айтып, босогону аттасаң эле “о, кашайгыр” деген жаман кеби бар. Бир жолу бирөөлөр менен шахмат ойноп отуруптур. “Сайрандап келбейлиби?”- десем, “азыр” деп отуруп, дагы эки сааттай ойноду”- дейт.

 

Омоке акыры көчүгүн көтөрүптүр. Тоо жакка бармай болуп, машинеге отурушуптур. Бираз жылганда эле: “О, кашайгыр, мен эртеден бери тамак ичелек турбаймбы”- дегенинен кафеге кайрылдык”- дейт.

 

- Ал күнү жакшы сайрандадык. Бирок Омокем “кашайгыр” дегендин эртеси көз доктурга көрүнөм деп барып, ооруканага жатып калдым. Ошондо чыныгы кашайгандарды ооруканадан көрүп, Омокенин каргышы элдин көбүнө тийген экен дедим. Андан бери Омокеге барбай жүрөм, көзүм ооруп жүрөт,– дейт…

 

Олжобай ШАКИР,  Булак: “Майдан. Kg” гезити