Акын-жазуучулар үчүн Дүйшөн Керимов жүргөн жер шаңдуу. Өзү колунда бар чынжырлуу байлардан деле эмес.  Бирок капчыктуу байлардай жүрөт. Кенен жүрөт. Пейлин белине байланып алган. Кыргызча жашайт. Ал кишинин “арак ичебиз, кел”- деп телефон чалып турмайы бар. Жалаң мыктыларга сый көрсөткөн жагынан алдына киши салбайт. Халтурщиктерди жанына жуутпайт. Жакшы жазгандар менен гана чөйчөк кагыштырат. Чөйчөктөр сүзүшкөн жерде ыр окулат, арак ичилет. Жакшы ичилет. Көп тамаша айтылат. Чер жазылат. Кадимки “Байдылданын батальону” топтолгондой…

 

Үйдөн жеңебиз: “сен тапканыңдын 85-90 процентин жалаң акын-жазуучуларга арак апергенге коротосуң” деп тилдесе, “бул менин хоббим,- дейт экен. - Алардан акчамды аяп, көпөс болгондон эмне табам?” дейт экен. “Акын-жазуучуларды аракка азгырмайын, эч кимиси сырын ачпаган эл. Кимдин ким экени аракка тойгондон кийин билинет”- деп какшайт экен жеңебизге. “Ушул алтымыш жашка келип, мен бир нерсени түшүндүм, чыгармачыл адамдын көңүлүн алып туруш керек”- деп атып катынынын тиягынан чыгып, биягынан чыгып алдап, акыры семейный бюджетти шыпырып алып баса берет экен.

 

Олжобай ШАКИР,  Булак: “Майдан. Kg” гезити