Коңшулаш өлкөлөр менен чектешкен аймактардагы жаңжалдар бүгүн эле чыга калган маселе эмес экенин баарыбыз билебиз. Талаш жерлер, тактала элек жерлер дагы да бар. Бул талаш жерлерди эгемендик алган алгачкы жылдарда эле тактап алганга жакшы мүмкүнчүлүк бар болчу. Тилекке каршы, ал убактагы бийлик чек араны тактап алуунун ордуна даяр турган, иштеп жаткан завод-фабрикаларды, колхоз-совхоздорду менчиктештирүү, темирлерин Кытайга сатуу менен алектенип отуруп алышкан. Ошонун кесепети мына минтип бүгүн чоң көйгөй жаратууда.

 

Эми бул маселени эки тараптуу дипломатиялык жол менен гана чечүү керек. Чек ара маселесинде эки тарап тең ыраазы болмоюнча, эки тараптын тең кызыкчылыгы бирдей каралмайынча чекит коюлушу кыйын. Андыктан буга бир тараптуу гана карап, анан дагы ал үчүн учурдагы бийликти гана күнөөлөп отура берүү адилеттик болбой калат.

Чек ара аймактарында чыккан ар бир жаңжалда биз ынтымактуу, биримдиктүү болуунун ордуна бири-бирибизди кажылап отуруп калуудабыз. Мындай жагдай биздин мамлекетке оң таасирин бермек тургай, тескерисинче коңшулаш мамлекеттердин кызыкчылыгына май тамызып жатканын байкабай жаткандайбыз. “Биз улам чек арада жаңжал чыгарып турсак, булардын ынтымагы ошончолук кете берет, ал үчүн маал-маалы менен жаңжал кылып туралы”- деген позицияга да өтүп алуулары мүмкүн.

 

Андыктан чек ара маселесинде бири-бирибизди, бийликти гана бир тараптуу күнөөлөп, акыйнек айтышып отуруудан алыс бололу. Андан көрө, ошол чек ара аймактарында жашаган мекендештерибизге ар тараптан колдоо көрсөтүүнү колго алалы. Коңшулардын алдында өзүбүздүн бийликке болгон сый-урматыбызды гана көрсөтөлү. Кыргыз бекеринен “өз айыбыңды өзүң чукуба”- деп айтып келген эмес. “Өзүңдү өзүң сыйлабасаң. Өзгөлөр да сени сыйлабайт”- деген кеп бар. Андыктан өзүбүздү өзүбүз сыйлаганды үйрөнөлү. Өзүбүздү сыйлоо - бул өз мамлекетибизди сыйлоо болуп саналат. Бүгүнкү бийлик чек ара маселесинде иштиктүү аракеттерди жасап жатканы белгилүү. Кудай буюрса, бул маселе да экинчи козголбой тургандай болуп чечиле турган күн келет. Ошол үчүн баарыбыз бекем ынтымакта, биримдикте бололу. Ушундай чек ара маселеси чыкканда коңшулаш Тажикстандын эли өз бийлигин шыбап, сындап жатып албаганын эстейли. Тескерисинче, алар дайыма өз бийлигин колдоп келатат. Муну эсибизге бекем түйүп алалы.

 

Кожомкул Тиллабаев

Булак: “Майдан.kg” гезити