Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Бишкек жүргүнчүлөрдүн автотранспорттук ишканасы жана Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы, ЮНИСЕФ эл аралык уюму менен биргеликте 2019-жылдын 9-сентябрынан баштап “Коопсуз маршрут!” акциясын өткөрүштү. Аталган акция өтмөктөрдө катталган жол кырсыгын алдын алууга багытталып, өзгөчө балдарга көңүл бурулган. Иш-чараны өткөрүүгө Бишкек шаарынын №38 мектебинин Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряды, ЮНИСЕФдин ыктыярчылары, “Карнавал шоу” театрынын аниматорлору жардам көрсөтүштү. ЖКККББнын тескөөчүлөрү болсо, балдар менен чогуу автобустардын салондорунда “Сак болуңуздар”, “Тегерегиңди кара”, “Эки тарабыңа көз сал” аттуу эскертүүчү жазуулары бар сүрөттөрдү илишти. Жол кыймылынын катышуучуларына болсо, коомдук транспорттордо жүрүм-турум эрежелерин сактоого, коомдук транспорттон түшүп же кирип жаткан кезде эки тарапты карап, сак болууларына чакырышты. Андан сырткары, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү автоунаа айдоочуларына кайрылып, өтмөктөрдөн өтүүдө ылдамдыкты азайтууга чакырышып, бул жактарга жакын жерлерде мектептер менен бала бакчалар орун алгандыгы менен жүздөгөн балдар ушул жолдордон өтөөрүн эскертишти. Акциянын катышуучулары жөө жүргөндөргө жол-транспорттук кырсыктан качуу үчүн этият жана сак болууларын айтып, эки тарабын карап жолдун аркы жээгине өтүүлөрүнө кеңеш беришти. Ар күн сайын жөө жүргүнчүлөр шашуунун кесепетинен коопсуздуктун талаптарын эске албай, транспорттон түшүүдө аны унутуп коюшат. “Коопсуз маршрут!” алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө бардык жөө жүргүнчүлөрдү жолдогу ар кандай кырдаалдарда сак болууларына чакырышты.