Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги айлык акыларды жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

 

Мыйзам долбооруна тиркелген тастыктама-маалымдамада аталган мекеме бүгүнкү күндө маяналардын орточо көлөмү ресупбликалык бюджет боюнча мыйзамда 1750 сомду түзөөрүн белгилеген. Ошол эле учурда Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча калктын эмгекке жарамдуу катмарынын жашоо минимуму 2019-жылдын 2-кварталында 5292, 61 сомду түзгөн. Эмгек жана соцкоргоо министрлиги республикалык бюджетке оорчулук келтирбөө үчүн маяналардын минималдуу көлөмүн акырындык менен көбөйтүү керектигин айтууда. Мыйзам долбоорунда жазылгандай, минималдуу айлык акы 2020-жылга карата 2 миң сомго жетет, андан ары ар жыл сайын 500дөн кошулуп отурат. Ушунда ыргак менен 2026-жылы 5 миң сомго жетет.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити