КСДП саясий партиясынын мүчөлөрүн "Медиа Форум" ААКсындагы ижарага алынган жумушчу орундарына киргизбей жатышат. Бул тууралуу аталган партиянын төрага орун басары Кундуз Жолдуева соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.
Айтымында, партиянын мүчөлөрү учурда Аскер прокуратурасына кетишкен. "Медиа Форумдун" башкы директору дагы иш бөлмөсүнө кире албай калган, аны тергөөчүлөр кабыл алышкан. А Аскер прокуратурасы кырдаалдын себебин тергөөгө байланыштырышкан.
"Бул саясий партиянын ишмердүүлүгүнө түздөн түз тоскоолдук келтирүү жана мыйзам бузуу болуп эсептелинет. Бүгүнкү күнү бийлик партияны кандай жол менен болбосун жок кылууну көздөп жатат", - деп жазган Жолдубаева.