ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов жана университеттин Тышкы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректору Урмат Аттокуров Орусиядагы “Военмех” Балтика мамлекеттик технологиялык университетине кызматтык иш сапары менен барышкан эле. Мунун алкагында “Военмех” Балтика мамлекеттик технологиялык университетинин ректору Константин Иванов менен жолугушуп, эки окуу жайдын мындан аркы өз ара кызматташуу жолдору кенен-чонон талкууланып, магистрлерди жана студенттерди алмашуу, кош дипломдуулук маселелери дагы абдан катуу каралды.
Ошентип, ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидовдун чакыруусуна ылайык үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Балтика мамлекеттик технологиялык университетинин ректору Константин Иванов баштаган делегация ОшТУга келиши күтүлүүдө.
Булак: “Майдан. kg” гезити