Президентибиз Сооронбай Шариповичтин аймактарды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөш багытындагы чечкиндүү аракеттерин жалпы журт колдоого алып жаткандыгы шексиз, бирок, айрым бир адамдарга келгенде өлкө башчысынын демилгеси сууп калып жатканына чындап күйөсүң. Болбосо, башынан ылдый жугундукорлукка ыктап, элдин ырыскысын жеп келе жаткан Токтогул райондук билим берүү берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукорованы тээ капкачан эле олтурган жеринен тээп түшүрүп, темир тордун артына “кудалап” ийишет эле го...

 

Дамира айымдын кылбаган нерсеси жок. Кайсы бирин айтасың? Токтогул районунда бала бакча, мектеп директорлорун коюу же алууда чынжырланган коррупциялык схеманы орноткондугун айталы десек, андан баары кабардар. Бирок, бизди тан калтырганы, Дамира айымдын кулкуну абдан чоюлчаак экен, акчадан баштап, жылкы, уйларга чейин батып кете берет тура. Жергиликтүү элден келген арыздарга үңүлсөк, Дамира айым көп адамдардын “конверт” алып койгон, а ишке келгенде катардагы эле “кидальщиктин” образында жүрөт. “Ой, бу жексурлугуң башыңа муш болуп тийет, бир аз уялып койбойсузбу”- деп айтчуларга да жообу даяр: “Мени бул заман турганда эч ким алып ыргыта албайт, анткени журт атасы – ажо менен дайыма дасторкондо сүйлөшүп жүрөм”- таризинде “ырдап” ийет экен. Тообо, жакаңды кармайсың, иштеген ишинен дайыны жок, нагыз коррупционер болгонуна карабастан кылы кыйшайбай жатканын көргөн, күбө болгон адам катары акырындап, “а балким, чын эле Дамиранын айтканындай болуп жүрбөсүн”- деп ойлой баштайсың. Пендебиз го. Бирок, биз муну дагы териштирип чыктык, эч кандай ажо менен дасторкондо чай ичпейт, жөн гана ал муну үстүнөн текшерип келген адамдар үчүн чиркөө катары колдонот экен! Текшерип келгендерге эмне, эңсеген нерсесин берип жатса, акырындан “пакетке” ороп коёт да, любой жомогуна ишенип, устуканды кучактан кете беришет да.

 

Эми сарказмды коюп, турмуш чындыгына келе турган болсок – Дамира Сулпукоровадан бүт Токтогул тажап, кетер күнүн санап олтурушат. Президентке, өкмөткө, министрге жазылган арыздар колубузда турат. Министр Гүлмира Кудайбердиеванын чечкиндүү боло албай, билим берүүдөгү реформаны ара жолдо калтырганын коомчулук көптөн бери нааразычылыгын айтып келатат. А бирок, Дамиранын өз алдынча түптөгөн хандыгын уратып, дароо жумушунан айдап ийүүгө эрки жетсе, Кудайбердиеваны кудай да, эл да колдоп кетет эле. Кандай дейсиз, Гүлмира эже?