Эгемендүүлүк күнү карата милиция кызматкерлери 30-августтан тартып күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-август күнү Өкмөт үйүнүн алдында эски аянтта Бишкек гарнизонунун ички иштер органдарынын саптык кароосу өткөрүлгөн.
Соцтармактарда борбор калаанын көчөлөрүндө милиция кызматкерлери көп жүргөнү айтылып, тынчсыздангандар да болгон.