Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен жолукту. Аларды жолуктурууну суранган адвокаттын өтүнүчүн УКМК жетекчилиги кабыл алган. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.
Айтымында, жолугушуу канча саатка созулганын билбейт. А бирок, Атамбаев өзүн жакшы сезип жатат. Абактын шартына нааразычылыгы жок жана башка талап-суранычтарды айткан эмес.
Адвокат процедурага ылайык мурдагы президент аялынан башка жакындары, анын катарында балдары менен да жолугушууга мүмкүнчүлүк ала алаарын, бирок азырынча башка жакындарынан мындай өтүнүч болбогонун билдирди.
Эске салсак, Раиса Атамбаевага жолдошу менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.