Абактагы саясатчы Садыр Жапаровго уулунун акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга ЖАМК мүмкүнчүлүк берди. Белгилей кетсек, саясатчынын адвокаты аталган мекемеге бул боюнча өтүнүч кат жолдогон.
"Садыр Жапаровдун өкүлдөрүнүн өтүнүчү түшүнүү менен кабыл алынып, оң чечим чыкты", - деп билдирди ЖАМК.
Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан Садыр уулу кечээ, 26-августта бир нече күн мурда болгон жол кырсыгынан алган жараатынан көз жумган.