Өмүрбек Текебаев соттон акталып чыккан учурда да депутаттык мандатын кайтара албайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, депутаттык мандатынан ажыратылгандан кийин акталып чыкса, мандатты кайтаруу боюнча укуктук-ченем жок.
Ошондой эле, эгер мандатынан ажыратылган адам кыска убакыттын ичинде сотко кайрылса болот. Текебаевдин жагдайында көп убакыт өттү, андыктан мандатты кайтаруу мүмкүн эмес.