Ош базарында жашыруун соода-сатык жүргүзгөндөргө кезектеги рейд болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө Киев, Бейшеналиева, Кулиев жана Токтогул көчөлөрүнүн жарымы жайма базардан тазаланган.

 

Мыйзамсыз соода жүргүзгөн үч автоунаа эвакуацияланып, 20 чакты соода кылуунун бир топ жеңил түрлөрү: стол, металлдык конструкция, чатырлар алынып салынган. Эреже бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эреже бузуу Кодексине ылайык протокол түзүлдү. Алар айыппул төлөшөт.

 

Маалыматка караганда, мыйзамсыз соода жүргүзгөн физикалык тарап 3 миң, а юридикалык тарап 13 миң сом айыппул төлөйт.