Эгер убакыт учкан куш болсо, адам эс тутуму терең ордунан козголуп толкуган көк деңиз сыяктуу өзгөчө “тынчы жок” көрүнүш болот экен. Ушуга бир мисал кылып төмөнкүдөй өз таржымалымды айткым келет.

           

Мен мындан туура 52 жыл илгери, 1967-жылдын 1-сентябрында Москвадагы Г.В.Плеханов атындагы эл чарба институтунун босогосун аттаган элем. Азыр жашым 69га келди. Россиянын борборуна кайра бир учуп барып, анда өткөн студенттик жылдарымды кайра бир эске түшүрсөм деген ой көңүл-ниетимде көптөн бери жүргөн эле.

 

Ачык айтайын: Москвага 15 жылдан бери бара элек болчумун. Башынан келаткан жашоо мыйзамы ушундай экен, адам канча өмүр жашап, канча насип тартаары чектелүү болсо да, аны күнүмдүк окуялар менен унуткарган жылдар жана турмуш күрдөөлү бир токтобой, бир тыным албай, суудай агылып өтө берет.

 

Студенттик жылдарда ал кездин эң мыкты унаасы болгон төрт моторлуу, турбовинттүү ИЛ-18 самолёту менен уччу элек. Фрунзенин эски, бирок, жакшы салынган аэропортунан учкан самолёт асманга көтөрүлөөр алдында канаттарын кушка окшоп жайып, көпкө газ берип, анан гана тасмадай жол менен күүлөнүп жөнөчү. Анда 100гө жакын жүргүнчү орун болуп, учуу убагында тамеки тартууга, көтөрүнө кирген спирт ичимдиктерин ичүүгө уруксаат этилчү. Учаар алдындагы текшерүү азыркыдай катуу эмес эле. Самолёт жолдон Куйбышевге (бул күндө Самара), Москвага 7 саатка жакын убакытта учуп барчу. Мунун баары мындан 52 жыл илгери болгон окуя, а бүгүн “Аэрофлот” сизди Аэробус-321 авиалайнери менен Москвага 4 саатта эле жеткирип коёт.

 

Чынында, адам өмүрү кандай тез өтөт да, Алыкул жазгандай, “адамдын эс-акылын камчыланып” зуулаган заман-мезгилди “тирилткен” ойлор жана эскерүү түрмөктөрү канчалык космос ылдамдыгындай тез учат!

 

Мени Москванын “Шереметьево” аэропортунан “Яндекс” фирмасында иштеген кыргызстандык таксист тосуп алды. Ал Москвада таксист болуп үч миңден ашык кыргыз иштей турганын, алардын Мекенинде окуп алган же сатып алган айдоочулук күбөлүгү Россияда кадимкидей жарактуу экенин айтып берди. Ал эми ушундай артыкчылыктан Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандын атуулдары пайдалана алышпайт.

 

Интернеттин “ЖПС” системасы аркылуу адрес издөөдө чоң революция жүрүп, ал мекендештерибиздин ишин жеңилдетип койгон. Биз “Украина” мейманканасына токтодук, азыр бул жай беш жылдыздуу “Radisson Соllection Hotel” деп аталат. “Украина” 1953-1957-жылдары курулуп, архитектурасы боюнча Москва мамлекеттик университети менен Россиянын тышкы иштер министрлигинин имараттарына окшош, эң бийик жайлардын катарына кирет. Бул мейманканага токтогон себебим мындай: анда 1969-жылы атам Мукаш эки күн жашаган, ошондо суткалык жашоо акысы 3 рубль 50 тыйын эле. Бүгүн болсо - башка баа, башка заман. Сыртынан эч нерсе өзгөрбөгөндөй көрүнгөнү менен ички жасалгасы жана көрүнүшү көңүл кубантып, таңдануу жаратат. Көзгө адеп түшкөнү: мындагы тейлөөчүлөр ичинде жердештерибиз көп болуп, алар отелдин жетекчилигине кадыр-сыйлуу экен. Бул, албетте, жакшы жөрөлгө.

 

Эртеси эртең менен өзүм окуп бүткөн институттун жаңы имаратына толкундануу менен баш бактым. Окуу жай бул күндө Россиянын Г.В.Плеханов атындагы экономикалык академиясы деп аталат. Жаңы имараты кенен, ыңгайлуу салынган. Кезинде балконунда В.И.Ленин сүйлөгөн эски башкы корпусту таптым, бирок, мени ал жакка киргизишпеди, себеби, студенттикке кабыл алуу экзамендери жүрүп жаткан экен. Жаңы имаратты салуу үчүн Зацепа көчөсүндөгү көп кабаттуу эки жатакананы бузушуптур. Бирок, мен өзүбүз окуган корпусту издеп, көпкө таба албай койдум. Биздин экинчи окуу корпусубуз, революцияга чейин дин кызматкерлери окуп, Совет бийлиги орногондон кийин Г.В.Плеханов атындагы айыл чарба институтунун №2-окуу корпусу кылып кайра жасалгалаган имаратта жайгашып, төрт экономикалык факультеттин деканаттары ошол жерде болгон. Жаңы окуу корпусу салынган соң, имарат кайра православие окуу жайына берилген. Анда бүгүн да илинип жана кагылып турган эски коңгуроо жан-дүйнөмдү силкинтип кеткендей болду. Дал ушул жерде окуп, өмүрүмдүн эң толкундатуучу, унутулгус учуруна кабылып - мындан туура 52 жыл илгери бул тарыхый имараттын босогосун биринчи аттап кирген элем. Азыр болсо, баардыгы өзгөрүп кеткен.

 

Көп өлкөлөрдүн Конституцияларында чиркөө мектептен жана мамлекеттен бөлүнгөндүгү жазылган, бирок, бул күндө чиркөө баардык жерде жашоо өзөгүнө аралашып кеткен. Ким бирөөлөр динди от кылып ойноп, аны өз тар кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат.

 

Ой-кыял толкуну мени бек кучагына имерди. Азыр көзү өтүп - ыраматылык болуп кетишкен мугалимдеримди эске түшүрдүм. Алар баары мен үчүн дагы эле тирүү, катар жүргөндөй сезилет. Анткен себеби, алар берген билим, окуган лекциялары жана таалим-тарбия сабактарысыз өтмө катар болуп уланган өмүрлөр байланышы да маанисин жоготуп коёр эле. Профессорлорумду эстедим, алар: Абалкин, Итин, Каменицер, Кушнер, Бирман, Осипович, Мотус, Пеньков, Фасоляк, Озеров, Поспелов, Гинзбург, Садомцев, Лозовой, Козлов ж.б. көптөгөн эң сонун адамдар болучу. Жаңылыш кетип калбайын деп аты-жөндөрүн толук атабадым. Бул кишилердин фамилиялары эле көп нерсени айкын туюнтуп турат. Профессорлорубуз, чынында эле нагыз билим берип, кадыресе пикир алышып, талкуу-талаштар ташкындаган суудай өтүп турчу. Алар баары терип-тепчип конспект боюнча айтып берүүнү талап кылышчу эмес. Көптөрү СССР Министрлер Советинин төрагасы Н.А.Косыгин өлкөнүн экономикалык саясатын реформалоо, эл чарба тармактарына өз алдынчалыкты берүү жана Советтер Союзунун улуттук кирешесин көбөйтүүнүн экономикалык өбөлгөлөрүн турмушка ашыруу боюнча 1964-жылы сунуштаган программаны иштеп чыгууга катышып, омоктуу салымдарын кошушкан. Экзамендер убагында студенттин өз алдынча ой жүгүртүп, предмет маңызын туура түшүнүп жана логикалык бүтүм чыгарууга жетишүүсүн сыноодон өткөрүүгө башкы басым жасашкан.

 

Ой-элес менен ошол окуу корпусунун алдында туруп, ошондой устаттарыма мага жана сандаган студенттерге үйрөткөн билим-тарбиясы үчүн ыраазычылык билдирип жаттым. Бүгүнкү күндө бизге дал ушул касиет: асыл ой, ак дилдүү мугалим-педагогдорубузду көп-көп эске түшүрүп, эмгек-жакшылыгы үчүн ырахмат айтуу сезими жетишпей келатпайбы!

 

4 жылдык окуу жана кызыктуу эскерүүлөрдүн түгөнгүс дүйнөсү. Чынында, бул өзү сөз менен айтып жеткиргис өмүр-тагдырдын ак нурлуу тилкеси десем болот. Мени менен бир потокто, тилекке каршы, жарыкчылыктан эрте өтүп кетишкен: Тажикстан өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары, академик Мирзоев Рустам, Казакстан парламентинин спикери, экономика илимдеринин доктору, профессор Оспанов Марат чогуу окушкан. Биздин окуу жайды: белгилүү саясатчы Г.Явлинский, Россия өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Голикова, Россиянын финансы министри М.Задорнов бүтүшкөн. Өзүбүздөн - кыргыз кулундарынан: Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Исхак Раззаков, Кыргыз ССРинин Мампланынын төрагасы Сопубек Бегалиев, белгилүү дипломат Ишенбай Абдразаков ошол куттуу уядан канат кагып учушкан. Буларды эскерип жатып, өзүмдүн эмес, а биз баарыбызга татыктуу билим берген окутуучуларыбыздын аброй-кадырын баса көрсөтөйүн деген ниетти ойго алып отурам. Аталган институт чоң турмуш сапарына жолдомо берген акжолтой мектептин дал өзү болгон!

 

Москвага жасаган сапарымдын экинчи максаты - Стромынка студенттик шаарчасын көрүү эле. Ал “Сокольники” метро станциясынын жанында, “Стромынка көчөсү, 32” деген даректе жайгашкан.

 

Бул шаарчада мен 4 жыл жашадым, ал мезгилде анда Москванын 12 жогорку окуу жайынын студенттери жашап, жалпы жашагандардын саны үч миңге жакын эле. Шаарча Россия императорунун гвардиялык тандамал полку – Преображенский лейб-гвардия полкунун мурдагы казармаларында жайгашкан. Анын короосунда азыркы кезге чейин эски часовня турат.

 

Бул күндө студенттик шаарчанын дареги “Стромынка, 20” болуп өзгөрүп, кайра жаңыртылып курулуп, имараттарын эки жогорку окуу жайынын студенттери ээлеген. Ичкери кирип, 3 жыл Амилдас Диас деген бразилиялык (ал социалист-латифундисттин уулу эле) менен бирге жашаган бөлмөмдү табайын десем, эшик тоскон катаал вахтер (акцентине караганда, кавказдык) караманча киргизбей койду. Начальниги келди эле, ал да, мезгил-заман өзгөргөнүн айтып, өтүнүчтү орундоодон баш тартты. Туура, мезгил өзгөргөн экен, тагыраак айтканда, адамдар өзгөргөн экен деп ойлодум.

 

Өтө өкүнүчтүү эле иш болду, бирок, француздар “се ля ви” деп айткандай, жагдай ошондой болуп жатса, не кылмакчысың? Ошентип турсам, мында жашаган жылдар көз алдымдан кинокадрдай чубалып өттү. Азыр андагы мончо, спорт аянтчасы жок, бирок, студенттик шаарчанын күрү-күү түшкөн, кызыктуу турмушунун күбөлөрү - тааныш часовня турат, негизин липа дарагы түзгөн бак-дарак тилкеси турат.

 

Өткөн кылымдын 40-жылдарынын соңунда, 50-жылдарынын башында бул жерде негизинен Москва мамлекеттик университетинин студенттери жашаган. Михаил жана Раиса Горбачевдер үйлөнүү тоюн ушунда өткөрүшкөн. Россия парламентинин спикери А.Лукьянов, Кыргыз ССР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары, Кеңеш Нурматович Кулматовдун жубайы Сакен Кыдыралиева, Кыргыз ССРинин юстиция министринин орун басары Анара Адылова ушул шаарчада жашап, бир группада окушкан. Стромынкада республикабыздын элге билим берүү министри Абдылда Каниметов, көрүнүктүү журналист, педагог Мукай Сасыкулов унутулгус студенттик күндөрүн өткөрүшкөн.

 

Бул адамдарды эскерип жатканым, жатаканада жашаганда, бирге жашоо тартиби калыптанып, тааныш-билиштик жана албетте, жан-дүйнө байытуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү ачылат. Мында баардык континенттердин, көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү бар эле. Ушунун баары адамдын андан аркы тагдырына өчпөгөн өз изин калтырат.

 

Преображенский көпүрөсүн, биз жакшы колбаса, сүт азыктары, нан жана конфеттерди сатып алуучу гастрономиялык дүкөндү (азыр мебель дүкөнү болгон) барып көрдүм. Гезит-журнал саткан эң сонун киоск бар эле, анын бул күндө изи да калбаптыр. Өзүм жакшы көргөн, азыр эң мыкты, эң ыңгайлуу түргө келген 7-номерлүү трамвайга көңүлүм чөгүңкү отуруп, “Сокольники” метросуна чейин жеттим. Айланасында качандыр бир кезде башкы ролдо В.Высоцкий ойногон “Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт” деген фильм тартылган эски имараттар, нан сатуучу дүкөн да жок, баардык жерге бийик имараттар түшүп, бирок, Яуза дарыясынын жээгинде Фокстун артынан куугун салгандагы авария орду, ал киного тартылган жер сакталып калыптыр. Баардыгы эски фильмдеги эски көрүнүштөрдөй көз алдыман өттү. Адамдын өмүр жолунун өзгөрмөлүү окуялары да дал ушундай окшобойбу.

 

Андан кийин Москваны куш учкан бийиктиктен карамакка Воробьев тоосуна бардым. Москва мамлекеттик университетинин башкы имаратындагы Советтер Союзунун гербин, саат жана термометрде так-таасын көрүү үчүн колума дүрбү кармай барган элем. Андан ары Третьяков галереясына жөнөдүм. Ал жерде мени гениалдуу сүрөтчү А.Иванов Италияда 20 жыл тарткан “Христтин элге келиши” деген картинасы гана кызыктырчу. Бул ыйык картинаны канча көрсөм да ар дайым мени толкундоо, адам жашоосунун чексиздигин жана бир адамдын чектелүү өмүрүн сезүү алда немедей бекем байлап алат.

 

Бул кыска мөөнөттүү сапарда көздөп чыккан максаттарымды орундатып, дээрлик 52 жылга жашара түшкөндөй болдум. Бирок, турмуш улана берет, токтобойт, а адам маңдайга жазылган өмүр-жашын пейилине жараша жашайт дегенди кайталагым келет. Менин жашыма келген ар бир адамга калган жашоосу майлуу-сүттүү, санаа-көңүлү тынч болууну каалайм!

 

 

Муратбек МУКАШЕВ,

Булак: “Майдан. kg” гезити