Август айынын башында Бишкекте Кыргыз Президентинин алдындагы чет мамлекеттеги мекендештер менен иш алып баруу Кеңешинин отуруму болуп, жоон топ делегаттар келип кетишти.

 

Жылдагыдай эле бийлик тарап мигранттарды өз мекенине инвестиция салууга үгүттөштү, ал эми мигранттар  президент Сооронбай Жээнбековдун Москвадагы павильонду ишке киргиздиртип  берем деген убадасын эсине салышты.

 

Эске салсак, 2010-2012 жылдары мигранттар Кыргыз өкмөтүнүн үгүттөөсүнө ишенип, ВДНХда бузулуп жаткан имаратка бир миллион АКШ долларынан ашуун жеке каражат жумшап, оңдоп-түздөп, Москвада мекендештер сыймыктана тургандай маданий-көргөзмө борборун куруп, ишке киргизишкен эле. Ал борбор кыргыз коомчулугунун жана ишкерлердин чогулушуп, ар тараптуу иш-талаптарын чече турган жайга айланган.

 

Бул мекенден сыртта жүргөн мигранттарыбыздын Россия жергесинде кыргыз экспортун жана маданиятын, кыргыз-орус мамилелерин колдоо багытындагы өтө маанилүү биринчи долбоору болчу.

 

Бирок, Темир Сариевдин экономика министрлигине, андан соң өкмөт башчылыгына келери менен, анын жан-жөкөрлөрү «мамлекеттин кызыкчылыгы» деген ураанга жамынышып, павильонду тартып алышкан. Ал эми Экономика министрлигинин паракор юристери билип туруп, атайылап сот аркылуу имараттын ичиндеги курулушту толугу менен буздурулсун деген чечимди чыгарышкан.

 

Мындай акылга сыйбаган аракеттер павильондун таптакыр жабылып калышына алып келген. Бирок, ВДНХдагы павильон башка бирөөгө сатып жибергенге жараксыз болуп калган соң, бузукулар аны баш оорутуп кайрадан куруп отурбастан, кызмат ордуларын кыянаттык менен колдонушуп, өз кылмыштарын жаап-жашыруу үчүн, павильондун иштебей калышына кайра эле мигрант-инвесторлор күнөөлүү дешип, жалааны аларга жапканга катуу аракет кылышкан.

 

Бузукулардын туура эмес кылыктарынын айынан Кыргыз мамлекети Москвадагы даяр көргөзмө борборунан ажырады. Инвестор болгон мигранттар эбегейсиз чыгымга учурап, жүз миңдеген мекендештерибиз маданий борборсуз калышты. Кыргыз өндүрүшчүлөрү жана ишкерлери бекер көргөзмө аянтчасынан айрылышып, Кыргызстан ЕАЭСке кирип жаткан мезгилде кыргыз экпортчулары павильон аркылуу товарларын реклама кыла алышпай, Россия базарларына чыгалбай, саталбай кыйналышты.

 

Эгер, ошол учурда Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаттарынын, бизнес-коомчулуктун жана Москомнаследие менен ВДНХнын «иштеп жаткан павильонго тийбегиле, бузуп коюш оңой, куруу кыйын» деген эскертүүсүн эске алганда, бүгүнкү өкмөт кайрадан павильонду курабыз деп, жүз миллиондогон акча каражатын издеп, баш оорутмак эмес.

 

Павильон жабылып калганына 4,5 жылдын жүзү болуптур. Бүгүнкү күнгө чейин ээнсиреп иштебей турат, курулушту эч ким уланткан да жок. Мамкызматкерлердин ушундай кылыктарынан кийин кайсы мигрант өкмөттүн инвестиция чакырыгына ишенет? Инвесторлордун Кыргызстанга кызыгуусу артабы? Эмне үчүн ушул күнгө чейин Өкмөт павильонду тартып алуу боюнча бузукулук иштерди териштирбей келет? Бул дагы президент Алмазбек Атамбаев учурундагы мамлекетке чоң зыян келтирилген былык иштердин бири.

 

 

 

Россиядагы кыргыз диаспорасы.

 

Булак: Регион.kg сайты