КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаева укук коргоо кызматкерлери анын уюлдук телефонун бардык мыйзамдарды бузуу менен тартып алганын жарыялаган болчу. Ага ИИМ мындай түшүндүрмө берди. 

 

"Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К. Жолдубаеванын уюлдук телефондорундагы маалыматтарды аныктоо жүргүзүлгөн.


Аталган факты боюнча күбө катары КСДПнын төрагасынын орун басары К. Жолдубаева суралып, анда ал А. Атамбаевдин үйүндө болуп жаткан бардык фактыларды өзүндө болгон уюлдук телефондорго тарткандыгын көрсөткөн.


2019-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде К. Жолдубаеванын уюлдук телефондору сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максаттында текшерүүгө алынган".