Башпрокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат жыйынында президент Жээнбеков Атамбаевге байланышкан иштерди мыйзам чегинде иликтөөнү талап кылганын билдирди. 

 

Башпрокурордун айтымында, мурдагы президенттин тарапташтары мамлекеттик төңкөрүш жасоону пландашкан жана ал үчүн башаламандык уюштуруп, талап-тоноого барууга да даяр болушкан. 

 

"Ошондуктан тергөө калыс болушу үчүн 7-8-августтагы окуяга тиешеси барлардын баары суракка чакырылат", - деди башпрокурор.