УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев Атамбаевди кармоо операциясы тууралуу айтып берди. 

 

Бүгүн Бишкекте ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев жана башпрокурор Өткүрбек Жамшитов маалымат жыйынын беришти. Анда Кой-Таш окуясы жана анын кесепеттери тууралуу маалымат айтылды. 

 

Опумбаев эмне себептен мурдагы президентти кармоого "Альфа" атайын бөлүктүн жоокерлери тартылганын түшүндүрдү: 

 

"Айрым адамдар "Альфаны" терроризмге каршы иш жүргүзүүчү бөлүк деп жатышат. Анысы туура, бирок бөлүктүн милдеттеринде андан башка да пунктар бар. Мисалы, кылмышкерлерди кармоо учурунда "Альфа" ыкчам топтун коопсуздугун камсыздайт. Мурдагы президентти колго түшүрүү учурунда жоокерлер коридор гана ачып беришмек, ошондуктан өтө аз санда алып барганбыз", - деди төрага. 

 

Ошондой эле төрага куралсыз барган жоокерлерге мурдагы президенттин тарапташтары тарабынан ок чыгарылганын кейиш менен белгиледи. 

 

"Атамбаев коркок. Ал менин куралсыз барган балдарыма ок чыгарды. Бул мыкаачылык. Тергөө башкармалыгынын башчысын үйүнө киргизбеди. Суракка үч жолу чакырылды, келбеди. Андан аркы кадам мажбурлап алып кетүү болоорун билген. Ошондуктан даярданып, аялдар, жаш балдар, карыларды чогултуп, алар менен коргонгусу келген. Аларга 1-3 миң сомдон төлөп берген. Баарын ойлонуштурган, ага мамлекеттик төңкөрүш жасоого кан төгүү керек эле", - деди Опумбаев.