13-августка караган түнү Кыргызстандын бир катар аймактарында жер титиреди. Европалык сейсмология борборунун маалыматына караганда, жер титирөө саат 23.14тө орун алып, күчү 5,4 баллга жеткен. 

 

Белгилүү болгондой, жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан 30 чакырым аралыктагы райондун Таран-Базар айылына туш келген. Ошондой эле Чүй облусунда жана Бишкек шаарында да жердин силкингени байкалган.