ИИМ кызматкерлери тарабынан Түрмөдө жатып Президенттик администрациянын атынан ЖКнын депутатына, СДПКнын пресс-катчысына жана министрликтерге, мамлекеттик органдарга телефон чалган кылмышкер аныкталды. Аталган факт боюнча Ички иштер министрлиги ыкчам иш- аракеттерди жүргүзүү менен бирге телефон чалгандар ким экендигин аныктап, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүштү баштады.


Алдын ала иликтөө, тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталды. Жазаларды аткаруунун №1 мекемесинде алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 32 жаштагы Темир Калмырзаев өзү менен кошо алдамчылык менен соттолуп жазасын өтөп жаткан 37 жаштагы Талгат Игисиновдун телефонун алып, ошол телефон менен Президенттик администрациянын өзгөчө жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып (артисттик өнөрү бар кылмышкер үнүн өзгөртүү менен) коомубузда болуп жаткан көрүнүштөргө карата алдамчылык менен ар кандай жалган маалыматтарды тараткандыгы аныкталды.


Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө Темир Калмырзаев түшүнүк берип анда кимдерге чалгандыгын, алардын аты-жөнүн толук жазып берди. Алар, тактап айтканда, Темир Калмырзаев ЖКнын депутаты А.Кодурановага Президенттик администрациянын жооптуу жетекчисинин атынан телефон чалып камакта жаткан мурдагы президент А.Атамбаев менен жолугушууну уюштуруп берүү тууралуу убада берип, ал-ахыбалын сураган. Ошондой эле СДПКнын пресс-катчысы К.Жолдубаевага да телефон чалып, анын да ахыбалын сурап 7-8-августтагы окуялар боюнча толук маалымат алып турган.

 

Андан сырткары Темир Калмырзаев түрмөдө жатып алып ЖКнын мурдагы депутаты Г.Молдобековага, Транспорт министрлигинин орун басарына, Бишкек мэриясынын жооптуу жетекчи кызматына, Экономика министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга телефон чалып алардын иштеп жаткан ишмердүүлүгүн тактап сурап, кандай иштер аткарылат, кандай иштер пландалууда деген суроолорду коюп бардык маалыматтарды алып турган.


Учурда Темир Калмырзаев менен Талгат Игисинов түрмөдө жазасын өтөп жаткандар үчүн өзүнчө түрмөгө камакка алынды жана ал сүйлөшкөн телефондор күбө далил катары алынды. Учурда аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш процесси жүрүүдө. Эгерде кимдир бирөөлөр аталган кылмышкерлердин ушундай алдамчылыгына дуушар болгон болсо, жабыркаган болсо ИИМдин криминалдык милициясына 0-312 26-62-61, кайрылыңыздар. Ошондой эле, Кыргызстандын ар жараны кандайдыр бир кооптуу жана жардам берүү тууралуу телефон чалуулар болсо сөссүз кайра текшериңиздер, кооптонуу бар болсо сөссүз түрдө ИИМге кайрылыңыздар.