Учурда Нарын облусунда коомдук-саясий абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 9-август күнү кечке маал Нарын облусунун Нарын районунун Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Кара-Чий айылынын жанында чогулган эл жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен эки тараптуу бир нече сүйлөшүүлөрдөн соң боз үйлөрүн чечип, тарап кетишкен.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Солтон-Сары кениндеги «Zhong Ji Mining Company» кытай компаниясынын ишине тийиштүү маселе боюнча чогулган элдин лидерлери менен бир нече ирет жолугуп сүйлөшүшкөн.

 

Жолугушуу учурунда Аманбай Кайыпов учурда болуп жаткан саясий абалды эске алып, чогулган эл чагымчылыкка жана бузуку күчтөргө кабылып калбашы керектигин эскертти. Ошол эле учурда эл Солтон-Сары кениндеги маселе боюнча гана чогулганын, андан башка максаты жок экенин алардын лидерлери баса белгилешти.

 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында элдин талабы угулуп, аларды мыйзам чегинде чечүү максатында тийиштүү протокол түзүлдү. Андан соң топтолгон эл боз үйлөрүн чечип, тарап кетишти.

 

Эскерте кетсек, жергиликтүү жашоочулар Нарындын Солтон-Сары алтын кенин иштетип жаткан кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясынын ишин токтотууну талап кылып чыгышкан.