Солтон-Сары жайлоосуна жакын жерде  алтын кенин казуу менен алектенген кытайлык компания өлгөн малдарга компенсация төлөй турган болду.

 

Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда,  аталган  мамлекеттик комитеттин  төрагасы Эмил Осмонбетов компанияга имиджин сактап калууну кааласа, маселени чечүү керектигин сунуштаган. Жыйынтыгында,  компаниянын жетекчилиги өлгөн мал үчүн компенцация төлөп берүүгө макул болушкан.

 

 

Солтон-Сары жайлоосунда ушул айдын башында  22 козу өлгөн.