Мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдындагы аянтка ыйгарууну Бишкек шаардык кеңеши сунуштады. Сунуш коомдук талкуусуна коюлду.
Ысым ыйгаруу маселеси шаардык кеңештин өткөн жумадагы жыйынында каралган жана тийиштүү токтом кабыл алынган.
“Турдакун Усубалиевич Усубалиевдин аты Бишкек шаарында Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан аянтка (Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратынын маңдайы) тиркелген схемага ылайык ыйгарылсын”, — деп жазылган токтомдо.
Турдакун Усубалиев быйыл 100 жашка чыкмак.