Назира Айтбекованын кайненеси Роза Кенжешова Фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырды. Анда уулу Искендер Шаршеев менен келини Назира Айтбекованын эмне себептен ажырашканын чечмелеген. 

 

 

«Атын чыкпаса жер өрттө дегенсип, бул айбан Назира Айтбекова кайра-кайра биздин үй-бүлөнү массалык маалымат каражаттарында тынчтык бербей кууратмай болду. Үч жылдан бери унчукпай койсок, башка чыгып кетмей адатын койбоду. Уулум менен ажырашканда бири-бирин сый менен, доо тийгизбей жүрөлү деген келишими болду эле, анын аркасы менен мен да унчукпай турдум эле, бирок чыдамым калбай баратат. Назира Айтбекованын суранычы менен биздин үй-бүлө унчуккан жок», — деп жазды. 

 

Андан ары мурдагы кайнене ажырашкандан кийин уулу уулун алып калууга аракеттенгенин, бирок алып баруучу бербей койгонун айткан. Ажырашуудагы айыпты Айтбековага оодарган. Баланы бербей койгонун "неберемди атасынын жүрөгүн оорутуу үчүн курал катары пайдаланып турууга" алып калган деп божомолдогон. 

 

"Жазган макаласында, интервьюсунда уулум, Назира жыланайлак келгенинде машине, жер алып бергенин айтпайт экен. Акча депозиттерин ажырашканда бүт бергени жөнүндө бир да сүйлөм жок. Менин уулум баласына, жеке кымбат мектебинин төлөмдөрүн калтырбай төлөгөнү жөнүндө, чиркин, бир ооз айтып да койбойт. Башка бирөөлөргө окшоп менин уулум баласына өз жоопкерчилигинен качпаганын айтып да койбойт», — деп жазган кайнене.