BMW Х7 автоунаасын башкарып бараткан Элдияр Калмурзаев Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгына кабылган. Ал кырсык кандай болгонун айтып берди. 

 

"Биз достор менен Бишкекти көздөй келатканбыз. Чийинден чыккан эмеспиз. Капысынан бир машине туурадан чыкты, мен оң тарапка бурулганга аракет кылдым, анткени бет алдыбыздагы машина биздин чийин менен келаткан. Мен үлгүрбөй калдым, автоунаалар кагышып кетти", - деген Элдияр Калмурзаев.