Мурдагы башпрокурор Аида Салянованын тарапташтары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү суранычы менен кол топтоону башташты. Эске салсак, экс- башпрокурор мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында кармалган. 

 

Салянованын сиңдиси Чинара Турдалиеванын айтымында, тарапташтары жана туугандары президен Жээнбековго петиция даярдашты. Ага азыр жети миңдей кол коюлду. 

 

 

"Биз мамлекет башчысынын сот чечимине аралашуусун суранган жокпуз, биз анын Аида Салянованын жүрөгү оорулуу экенине, 1-абакта кармоо басым жасалуу болуп жатканына көңүл буруусун өтүнөбүз. Ал азыр өзүн абдан начар сезип жатат. А сот болсо 26-августка чейин абакта кармоо чечимин кабыл алды", - дейт Чинара Турдалиева.