Бусурманкул Табалдиевге Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында издөө жарыяланды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

 

"Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан А. Батукаевди эркинен ажыратылган жайдан мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндө (Коррупция) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин экс-катчысы Табалдиев Бусурманкул Беркутовичтин кайда экендиги такталбагандыгына байланыштуу ага издөө жарыяланды.


Сотко чейинки өндүрүш боюнча зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди ИИМ.