7-июлда Ысык- Көлгө бараткан жолдо  Lexus ES 300 үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылып, андагы төрт адам каза тапкан. Экинчи BMW Х7 үлгүсүндөгү автоунаада парламент депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу болгону айтылган. 

 

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы  бул ишти  тергөө  райондон облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берилгенин билдирди.  

 

Маалыматка караганда,   окуя коомчулуктун көңүл чордонунда болуп жаткандыктан, ишти тажрыйбалуу тергөөчүлөр иликтөөсү керек.