Москва шаарындагы футбол талаасында Кыргызстандан барган өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

 

 Маалыматка караганда, окуя 7-июлда болгон. Рязань проспектисиндеги футбол талаада өспүрүмдөр ойноп жүрүшкөн. Алардын арасындагы 14 жаштагы кыргызстандык И.К. оюн убагында өзүн жаман сезип, каза тапкан. Болжолдуу версия боюнча өлүмгө жүрөк кемтиги жеткирген.

 

Маркумдун сөөгү өлүкканага жеткирилген. Элчилик баланын ата-энесине жүк-200дү мекенине жеткирүүгө тийиштүү документтерди топтоого жардам берген. Москвадагы кыргызстандыктар ата-эненин банктагы эсебине акча которушууда.

 

Каалоочуларга Сбербанктагы эсеп - 4276380153367581.