Жумуш, карьера.  Өнөктөштөр менен болгон мамилени акырындап жөнгө сала баштайсыз. Ошенткениңиз туура. Эгер буга чейин юридикалык көйгөйлөр болуп келсе, мунун баарын тынчтык жолу менен чечүүгө аракет жасаңыз. Мындай кадамга баргыңыз келсе, ортого түшүп берчү адамдар да табылат.  Башка шаардык өнөктөштөр менен болгон келишпестиктер өз нугуна түшө баштайт. Сүйлөшүүлөр жүрөт. Өткөн айдын топтолгон суроолорун жакшы жагына чечүү үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Шансты кетирбеңиз.  

 

Акча.  Акча жагынан кам санабаңыз. Жакшы болот. Болгону айдын баш чендери чыгымдар көбүрөөк болот, июлдун 20рынан баштап киреше көбөйгөнүн байкайсыз.

 

 Сүйүү, үй-бүлө.  Жубайыңызга аяр мамиле жасоого аракет жасаңыз. Антпесеңиз бул айдагы чырыңар эң жогорку туу чокусуна жетет. Ынтымак эмес үй-бүлөлөрдө иш ажырашууга чейин жетиши мүмкүн. Андыктан абайлаңыз. 

 

Ден-соолук.  Энергетикалык абалыңыз бул айда жогору болот. Ал тургай өткөн айдан калган сыркоолор да изсиз жок болот.

 

 

 

Жанар Кадыралиев

Редакциядан: Астролог-төлгөчү Жанар мырза менен 0 704 88-88-23 телефону аркылуу байланышсаңыздар болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити