КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механизацияланган базанын жетекчилик кызмат орду бир топ убакыттан бери бош турат. Аталган  кызмат ордун ээлегиси келгендер абдан көп. Бирок, республикалык жетекчиликтин максаты – ошолордун ичинен да иш билги, кесипкөйүн тандап, дайындашы зарыл. Себеби, аталган базанын так ишинен адам өмүрлөрү көз каранды, өзгөчө кырдаалдар орун ала турган болсо непадам, жетекчи шапар тээп кеткен болсо, элестете бериңиз....

 

Ошондуктан, жакындан бери бул кызматка Талас шаардык кеңешинин депутаты, бир топ убакыт АРИСтин аймактык координаторлугун аркалаган Бектурсун Момунбековдун жулунуп жатканын угуп, төбө чачыбыз тик турду. Быйыл жашы элүүгө барган бул шумпайды ким түртүп жатканы белгисиз, а бирок, айтайын дегенибиз, бир күн да МЧС тармагында иштебеген, өзгөчө кырдаалдар менен иш алып баруу жагынан таптакыр түшүнүгү жок адамдардын баарын эле мындай кызматтарга алпара берсек, “проходной двор” болуп кетпейби, ия? Бектурсун Момунбеков дал ушундай адам, өзгөчө кырдаалдар тармагында бир күн да иштеп көргөн эмес. Балким, МЧС десе эле ал “май талкан жер, жесе, байыса болот”- деп ойлоп жаткандыр? АРИСте бутун кенен сунуп, тамагын каалагандай майлап көнүп калган окшойт го? Болбосо, өзү билбеген жерге жетекчи болуп барып ага эмне азап?

 

Бектурсун Момунбековдун өмүр таржымалын карап көрсөк, кыйратып жерген деле жери жок экен. АРИС өңдүү акча агып жаткан долбоорлор менен иштеп, чөнтөгүн калыңдатып алган үчүн аны депутат кылып жүрүшөт да. Баарынан да, угушубузга караганда, анын моралдык облигине жийиркендер көп имиш. Айрыкча, анын кыз-келиндерге жакындыгын көп айтышат. Эл ичинде өзү менен иштеп жүргөн бечара кызды төрөтүп, карабай басып кеткенин аңыз кылып, айтып жүрүшөт. Мейли, бул ушактыр, а балким эмне кылат өзүнүн иши чыгаар, анткен менен, адам тагдырлары менен түздөн-түз байланышкан кызматка мындайга жакын адамды жолотуу чыккынчылыкка барабар нерсе! Эртең сел жүрсө, а Бектурсун көнгөн адатын жасап кеткен болсо, Кудай сакта, жаман эле болот...

 

Азыркы ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедовду тың, ишин жакшы аткарып жаткан министр катары айтышат. Аталган база ага түздөн-түз баш ийет. Андыктан, министр мырзанын ким ага таңуулабасын, Момунбековду нары түртүп, коллектив колдой турган, иштин көзүн билген адамды дайындоого духу жетээр... Себеп дегенде, бул базада кийин республикага аты чыккан мыкты кадрлар иштеген. Мисалы, Жогорку Кеңештин азыркы спикери Дастан Жумабековдун өзгөчө мыкты ишин азыр да айтып жүрүшөт. Анан ушундай ыйык орунду Бектурсунга окшогон көчөдөн келген кадрга таптатып койгон туура эмес, жиндилик да, туурабы? Же андай эмеспи?