Атамбаевдин жардамчысы Кундуз Жолдубаеванын маалыматына караганда, экс-президентке Биринчи май райондук сотунун чечими тааныштырылган да эмес. Эске салсак, сот Атамбаевдин жана анын жакындарынын депозиттик эсептерин жана банктагы ячейкаларын камакка алуу чечимин чыгарган.
Жолдубаеванын айтымында, Атамбаевдин депозиттик эсеби да, банк ячейкасы да жок. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн эч кими ячейка ижарага алышкан эмес. Бир гана Раиса Атамбаеванын депозиттик эсеби бар эле, ал камоого алынды.
"Тизмеде жалаң гана экс-президенттин туугандары деп жүрөт. Сапатсыздык менен түзүлгөн экен, ал жерде Раиса Атамбаеванын каза тапкан агасынын ысымы да жүрөт. Анда УКМКнын 9-башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеев да жазылыптыр. Анын Атамбаевге эч кандай туугандык жайы жок. Анын үстүнө анда депозиттик эсеп да, банк ячейкасы да жоктугун жакшы билебиз. Бийлик бул жерде башка үй-бүлөдөн элдин көңүлүн буруу үчүн эптеп эле Атамбаевдин үй-бүлөсүн чукуш керек болгондугу билинип турат", - деди Кундуз Жолдубаева.