Ош облусунда жашаган атасына барууга жолго чыккан 11 жана 7 жаштагы эже-сиңди тууралуу Акыйкатчылыкка таксисттер кабар беришкен.
Акыйкатчылыктан билдиришкендей, 20-июнда саат 21:05те “115” номерине Бишкектеги Батыш автобекетинин таксисттери чалышкан. Алар эки кичинекей кыз келип, Ош облусунда жашаган атасына жеткирип коюуну өтүнүшкөнүн айтышкан.
Айтылган дарекке балдар акыйкатчысы Гүлнара Жамгырчиева барган. Кыздар апасы каза болгондон кийин атасынын бир тууган карындашынын үйүндө жашап жатышканын, а атасы Ош облусундагы Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында жашаарын айтышкан.
Кыздар ыйламсырап эжесине кайтарып бербөөнү өтүнүшкөн. Алардын айтымында, атасынын карындашы колуна эмне тийсе ошону менен сабап, балдар үйүнө өткөрүп берем деп коркутчу.
Акыйкатчынын орун басары 23:00дө акт түзүп, кыздарды балдарды жана жаштарды реабилитациялоо Борборунун социалдык кызматкери Айганыш Ибраимовага өткөрүп берген.
Кыздардын атасы менен байланышууга азырынча мүмкүн боло элек. Иш Акыйкатчылыктын өзгөчө көзөмөлүндө турат.