Бул тууралуу өлкөнүн эмгек министри Шерзод Кудбиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул факты боюнча топтолгон материалдар Ташкент облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.
Электр түйүндөр ишканасынын кызматкерлери жумуш маалында көчө тазалаганга мажбурлангандыгы тууралуу маалымат июндун башында пайда болгон.
Анда кызматкерлер ишкана жетекчилиги аларды жумуштан кетирем деп коркутуп, «бул ишке өз каалоолору менен» чыккандыгы тууралуу тилкат жаздырып алганын билдиришкен.