Финполицияга Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну Р.М. арыз менен кайрылып, Сузак райондук Социалдык фонддун жооптуу кызматкери андан пенсия чыгуу үчүн керектелүүчү документтерди даярдоого акча сурап жатканын билдирген. Арыз сотко чейинки иликтөө өңдүрүшүндө кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Берене – “пара талап кылуу”.
Сотко чейинки өндүрүштө Соцфонддун жетекчисинин орун басары А.У. документтерди даярдоого 22 миң сом талап кылганы аныкталган. Аял ага чейин орун басарга 13 миң сомдой берген. 2019-жылдын 19-июнунда орун басар кызматтык иш бөлмөсүндө 10 миң сомду алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалуучу Жалал-Абад ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.