Кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңеште   мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратыш үчүн ага айып тагуу  маселесин караган депутаттык комиссиянын корутундусу каралды. Жыйынга катышкан 105 депутаттын 100ү «макул» деп добуш берди.

 

Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, мындан аркы иш Башкы прокуратурага тийиштүү. 

 

 

"Башкы прокуратура биз көрсөткөн «шектенүүгө негиз бар» деген алты жагдай боюнча иликтеп, чын эле УКМКда, ИИМде, Финчалгында, Финполдо иштер козголуп же иликтөө жүрүп жатабы-жокпу, карап чыгат. Эгер негиздүү деп тапса, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери аркылуу сунуш киргизип, «кол тийбестикти алууга негиз бар» деп кайра Жогорку Кеңешке келип, добушка коюлат. Ал эми «негиз жок» десе, биздин комиссиянын иши жокко чыгат", - дейт Каныбек Иманалиев.

 

Депутаттык комиссия Атамбаевге алты айып тагууда, алар - бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар.