Орок айылындагы ызы-чууда жабыркаган эки өспүрүмдүн акыбалы турукташып калганын Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
Анда айтылгандай, азырынча балдар качан ооруканадан чыгаары белгисиз. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Өспүрүмдөр Бишкек шаардык балдар ооруканасына Орок айылындагы ызы-чуудан кийин баш мээсинин жабык чайкалуусунан келип түшкөн.