Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына өзгөтүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун талкууга алышты. Анда, жергиликтүү кеңештин депутаттары кандай учурда мандатынан ажыратылат деген маселе көтөрүлдү. 

 

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, шаардык же айылдык кеңештин депутаттары төрт жыйынды себепсиз калтырышса анда төш белгисинен айрылышат. Ал эми парламенттин депутаттары 30 пленардык жыйынды себепсиз калтырышкандан кийин гана мандатынан ажыратуу маселеси келип чыгат.