Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде камакка алынган болчу. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган. Аны менен катар экс-министр Улуттук госпиталдын жетекчиси катары иштөөсүн уланта баштаганы белгилүү болгон.
Укук коргоо кызматтарынын маалыматына караганда, соттун чечими менен Сагинбаева кечээ, 13-июнда Улуттук госпиталдын жетекчисинин милдетин аткаруудан четтетилди.
ИИМден билдиришкендей, кылмыш ишинин фигурантын кызматтан четтетүү боюнча арызды тергөө жазган. Сот аны канааттандырган.
Сагинбаева үй камагына чыгарылгандан кийин аталган кызматында беш гана күн иштеди.