Баткен облусунда эки жүк ташуучу автоунаадан контрабандалык жол менен ташылып бараткан күйүүчү май табылды. Бул тууралуу Финполдон билдиришти.

 

Маалыматка караганда, “КамАЗ” үлгүсүндөгү автоунаалар Лейлек районунун аймагындагы текшерүү учурунда ачыкталган. Аларда Кыргызстандан Тажикстанга алып бараткан 30 тонна күйүүчү май болгон. Автоунаалар айыппул төлөнүүчү токтотуучу жайга киргизилген.