Россиянын Иркутск облусундагы Усть-Илимске шаарында кыргызстандык мурдагы жетекчисин өлтүргөн деп шектелгенин жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө, Кыргызстандын жараны 2018-жылдын октябрь айында мурдагы жетекчиси Кытай жаранынын башына металл трубасы менен бир нече жолу урган деп табылган. Жабырлануучу алган жараатынан окуя болгон жерде көз жумган.    

 

2018-жылдын 27-октябрынан 28-октябрына караган түнү шектүү “Трейд Экспорт” ААКсынын аймагына жашыруун кирген. Андан кийин 28 жаштагы кыргызстандык кылмыш болгон жерден из жашырып, бир нече күндөн кийин Россиянын аймагынан чыгып кеткен. Ага издөө жарыяланган. Тергөөчүлөр окуя болгон жерден кол кап жана беткап табышкан. Дүкөндөрдүн биринин видеокөзөмөлүнө кишинин беткап менен колкап сатып алганы түшүп калган.