Комиссия курамы:

 

- "Ата Мекен" фракциясынан Каныбек Иманалиев,

- "КСДП" фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев,

- "Кыргызстандан" Канат Исаев, Алмазбек Токторов,

- "Республика - Ата Журт" фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов,

- "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Алтынбек Жунус уулу,

- "Бир Бол" фракциясынан Бактыбек Турусбеков кирди.

 

Комиссиянын иштөө мөөнөтү 7 күн деп белгиленди.

 

Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев экс-президент Алмазбек Атамбаевден кол тийбестикти алуу үчүн 40тан ашык депутаттын колун топтогон.

 

Кечээ, парламенттин отурумунда айрым депутаттар президенттик маалында бийликти узурпациялоо жана башка жасагандары үчүн экс-президент Атамбаевди жоопкерчиликке тартууну айтып чыгышкан.