Парламент депутаты Зарылбек Рысалиевдин акыбалы бир топ жакшырып калганын президенттин иш башкармалыгынын Клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, дарыгерлер консилиумунан кийин ал жалпы палатага которулган.
Учурда анын акыбалы орто оор деп сыпатталууда. Жалпы палатага которулганы менен дарыгерлер жакындарына гана келүүгө уруксат берген. Кан басымы улам көтөрүлүп жаткандыктан чоочундар менен жолугуу ылайыксыз.
Рысалиев Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин негизинде ИИМге суракка чакыртылган. Сурактан кийин кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жеткирилген.