Жогорку соттун маалыматына караганда, үч айлык кош бойлуу келинди абакка кармоого анын мыйзамды сактабаганы себеп болгон. 

 

Ага сот процесси тууралуу маалымдама жеткирилгенине карабай, бир нече жолу сотко келбей койгон жана эч кайда кетпөө тил каты алынса да жашаган жерин өзгөртүп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган. 

 

С.Бга карата кылмыш иши 2018-жылдын 11-октябрында ачылган. Тергөө маалында ал эч кайда кетпөө тил катынын негизинде эркиндикте жүргөн. Бирок, ал бир нече жолу сот процессине келбей койгон. Кармалгандан кийин баш коргоо чарасы абакта кармоого өзгөртүлгөн. Сотто каралып жаткан иш токтотулуп, айыпталуучуга издөө жарыялоо үчүн кайра артка кайтарылган. Баш коргоо чарасы каралып жаткан маалда айыпталуучунун кош бойлуу экенин соттор билбеши мүмкүн. Кылмыш иши жоруктар разрядына кирген жок, анткени телефондун баасы 11 миң сомдон ашат. 

 

Эске салсак, КР Акыйкатчылыгы №1 абакта үч айлык кош бойлуу жана 1 жаштагы баласы бар келин эски телефон уурдаганы үчүн кармалып жатканын маалымдаган.