Кош бойлуу келин эски телефонду уурдаганы үчүн, ал телефон ээсине кайтырылып бергенден кийин да №1 абакка камалган. Бул тууралуу КР Акыйкатчылыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-июнда Акыйкатчы Токон Мамытов №1 абакты кыдырып, Б.С. аттуу жаран менен сүйлөшкөн. Жаран буга дейре Акыйкатчылыкка Бишкектин Свердлов райондук сот кызматы жана тергөөчүлөр тарабынан укугу бузулганын билдирип, арыз жолдогон.
Келин эски телефон уурдаганын, кийин ал ээсине кайтарылганын, ээси телефонду алганын белгилеген тил кат жазып бергенин айткан. Ошондой эле келиндин 1 жаш 2 айлык баласы бар, учурда үч айлык кош бойлуу.
Акыйкатчынын пикиринде, мындай абалда Свердлов райондук соту Ж. Сабирова Б.С.нын баш коргоо чарасын абакта кармалсын деп туура эмес чечим чыгарган. Сот жарандын кош бойлуу экенин жана кичинекей баласы бардыгын жана да телефондун баасы 10 миң сомдон ашпай турганын караган эмес. Мындай кылмыш Жоруктар кодекси боюнча каралышы керек эле.
Акыйкатчылык бул боюнча Свердлов райондук прокуратурасына арыз жолдоду.