Депутат Аида Исмалиова Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин кадр саясатына сын айтты. Ал дарыгерлердин квалификациясын көтөрүү жана кайра даярдоо Кыргыз Мамлекеттик институтунун ректору болуп дары-дармек камсыздоо департаментинин мурдагы директору Рустам Курманов дайындалганына нааразы болду.
Айтымында, Курманов бир катар коррупциялык чуулгандуу иштерге аралашкан. Аталган департаментинин аткаминерлерине каршы Башкы прокуратура тарабынан 2016-жылы 12 кылмыш иши козголгон. Анын жыйынтыгында департамент мамлекетке 22 миллион сом зыян келтиргени аныкталган.
Ал эми депутат Евгения Строкова Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишиш фигуранты Динара Сагинбаеванын камактан чыгып эле Улуттук госпиталды жетектеген баштагы кызматында кеңири иштеп жатканына токтолду.
"Бул акылга сыйбайт турган нерсе. Кызматына чыкканы аз келгенсип, ага кайтаруучу да жалдап беришиптир. Мынча болду, сүт да берип турбайлыбы, зыяндуу иш үчүн", - деди депутат.