Токмокто 41 жаштагы киши бир жарым жылдан бери 2004-жылы туулган кошунасын зордуктап жүргөн. Кыз кош бойлуу болгондон кийин бул окуя ачыкка чыккан. 

 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кыздын айтымына караганда, 2017-жылдын ноябрь айында үйүндө жалгыз калган. Андан пайдаланган кошунасы келип, күч колдонуп зордуктап салган. Ошондон кийин эркек кызга тез-тез жолугуп, үйүндө эч ким каобай калганда сексуалдык катнашка барганга мажбурлаган. Кыз ал тууралуу бирөөлөргө айтуудан корккон. 

 

Кыз зордукталганын апасы кош бойлуу экенин байкап, УЗИге алып барганда гана айткан. УЗИден кош бойлуулукка  23-24 жума болгону билинген. 

 

Энер кошунасы менен сүйлөшүп, кызга Бишкектеги ооруканалардын биринде аборт жасатууга макулдашкан. Бирок, киши өзүн күнөөлүү сезген эмес. 

 

Учурда киши кармалып, Токмок шаардык соту тергөө иши аяктаганга чейин ага эч жакка чыкпоо боюнча чечим чыгарды. Экөөн бет келиштиргенден кийин кыз өзүн өлтүрүүгө аракет жасаган. Ал ооруканага жеткирилген.