Парламенттик жыйында депутаттардын жоон тобу экс-президент Атамбаевдин 8-июндагы митингде эл өкүлдөрү тууралуу айткан билдирүүсүнө нааразычылык билдиришкен. Аны менен катар алар да экс-президенттин дарегине мүмкүн болгон терс пикирлерин жолдошту. 

 

Депутат Мурадил Мадеминов экс-президент Атамбаевдин президенттик ишмердүүлүгү учурунда жасаган жакшы иштери да бардыгын жокко чыгарбайт. Айтымында, 5 жана 6-чакырылыштын депутаттары аны менен бирге көп маанилүү маселелерди чечишкен. 

 

"Ал чечимдер менен сыймыктанышыбыз керек. Атамбаевдин учурунда карапайым калк үчүн көп жакшы нерсе жасалды. Алардын баарын айтып отурбайын, эң башкысы - энергетикалык коопсуздук. Эл жана бийлик баарын көрүп турат, баасын беришет деп ишенем", - деди депутат. 

 

Ал эми эмнеге депутаттар бир ооздон экс-президенттин дарегине терс ойлорун айта башташканы тууралуу мындайча чечмеледи: 

 

"Атамбаев көп туура эмес сөз айтып алды. Анын айынан парламент терс пикирди карманууга аргасыз болду. ЖЭБ маселесин караганда, депутаттардын көпчүлүгү эл аралык аудит өткөрүүнү сунушташты, бирок парламент нейтралдуу пикирин айта албагандыктан, ал кабыл алынбады. Атамбаев так ушуну айтып жатат", - деген депутат спикер Жумабековго бул ишти алып чыгууга дагы да кеч эместигин айтып, кайрылды. 

 

Ал ЖЭБ боюнча соттук процесс жолсуз абалга кептелип калды деп эсептейт. Пикиринде, коррупция тууралуу айтылса, анда эки тарабы бар - ТВЕАны алып келгендерди да жоопкерчиликке тартып, суракка алыш керек. Коррупцияда бирөө акча берет, бирөөсү алат. Демек, ТВЕА акча берген, а алгандар камалышты. 

 

"Убакыт баарын ордуна коюп, кимдин кимдигин көрсөтөт. Эгер бүгүнкү парламент өзүнүн калыс кебин айта албаса, анда демократиялык мамлекетке шек пайда болот", - деди ал. 

 

Депутат Анвар Артыков да экс-президенттин таламын талашты. Анын айтымында, бул темага аралашкысы келген эмес. Бирок, кечээ, 12-июндагы парламент жыйынында экс-президент тууралуу айтылган пикирлерден улам өз оюн да ортого салууга бел байлады. 

 

"Президент Атамбаев - бул тарых. Кыргызстандын жараны. Экинчиден, аны коррупцияга айыптай тургандай далил жок. Далил болгондо гана айтыш керек", - деди Артыков. 

 

Ал Атамбаевдин алты жылдык бийлигинде саясий туруктуулук болгонун, бул Кыргызстандагы бир нече жылдан берки биринчи туруктуулук экенин, жакшы долбоорлор ишке ашып, түштүк эли газ жана электр маселесинен кутулганын белгиледи.