Улуу тоолорго курчалган, жаратылышы ажайып кооз Кыргызстанда таштанды көйгөйү чечилбей келат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов парламент жыйынында билдирди.
Ал бир канча убакыт мурда өлкөдө таштандыларды кайра иштетүү ишканасы курулат деген кабар тараганын эске салып, анын тагдырына кызыкты.
"Учурда санитардык коопсуздукка жооп берген киши жок. Бишкек менен Ош шаарларында таштанды иштете турган ишкана куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дешти эле, ал азыр кандай абалда? Өкмөт жок дегенде ушул маселени чечип берсе жакшы болмок", - деди депутат.