Спикер Дастан Жумабековдун айтымында, ал Атамбаев менен 2018-жылдын мартында акыркы жолу жолуккан. Ошондо экс-президент кааласа 10 миң адамды чогултуп, депутаттарга кошуп башкаларды да “Ак үйдөн” кубалап чыгууга дарамети жетээрин айткан.
“Бул саясий оюндар башталганда, мен Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Мен ага спикердин креслосу мен үчүн маанилүү эместигин, мен үчүн эл жана акыйкаттуулук маанилүү экенин айттым. Эл үчүн иштеген саясат маанилүү. Алмазбек Шаршенович 10 миң адам топтоп туруп, баарын “Ак үйдөн” кубалап чыгууга күчү жетээрин айтты. Мен бул пикирине кошула албашымды билдирди. Бул ойлонгону мамлекет жана элге каршы иш экенин белгиледим. Сиз менен мамилемди токтотом деп айттым”, - деди спикер.